Баткен шаарында эвакуация болгон тургундарды жайгаштыруучу алты жай иштеп жатат

Баткен шаарында кыргыз-тажик чек арасында чыккан жаңжалдан улам эвакуация болгон тургундарды жайгаштыруучу алты жай иштеп жатат.

“Азаттык” жазган маалыматка ылайык, жарандарды негизинен мектептерге тийиштүү имараттарга жайгаштырылып жатышат. Алар Баткен районунун Кызыл-Бел жана Көк-Таш айылдарынын тургундары, негизинен аялдар, балдар жана кары-картаңдар.

Облус бийлиги жалпысынан 2-3 миңдей адам эвакуация болгонун 29-апрелде билдирген.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.