Баткен: Рулга ээ боло албай калган 38 жаштагы айдоочу каза болду

Баткен шаарында рулга ээ боло албай калган айдоочу тосмону сүзүп каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы маалымдады.

Баткен шаарында 10-июнь күнү 02:38де Нургазыев жана Садыков көчөлөрүнүн кесилишинде “ВАЗ-2107” Жигули үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу рулду башкара албай, жол четиндеги бетон тосмону сүзгөн.

Кырсыктын кесепетинен 1982-жылы туулган эркек киши каза болуп, 1983-жылы туулган аттуу аял жабыркаган.

Жерине №3 өзүнчө издөө куткаруу отрядынын куткаруучулары тартылып, маркумдун кыпчылып калган денесин унаадан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен, ал эми жабыркаган аялды тез жардам кызматы ооруканага алып кеткен.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген