Баткен районунун Ак-Татыр айылында сел жүрдү

Кече саат 16:40 чамаларында, алдын ала маалымат боюнча жааган жаандын кесепетинен  Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагынын Рават айылында сел жүрдү. Суу 15ге жакын үйдүн короолорун жана ички чарбалык жолдорду каптаган. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

Учурда жеринде тактоо иштерин жүргүзүү үчүн  Жарандык коргонуу комиссиясы иштеп жатат. Кошумча маалымат берилет.

Белгилей кетсек, 9-июнь күнү Лейлек районунда катталган селден  жалпы 16 турак үйгө, 1 балдар бакчасын суу каптаган. Жалпы 112 турак үйдүн жер тилкелерине, 27 чакырым ички чарбалык жолдорго, 6 көпүрөгө сел жүргөн.

Андан соң, 13-июнь күнү Баткендин Ак-Татыр, Самаркандек жана Ак-Сай айылдарында сел жүрүп, турак жайларга ички жолдорго зыян алып келген.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген