Баткен районунун аймагында оорукананын кошумча имараты ачылды

Бүгүн, 2-июлда, Баткен облусундагы Баткен районунун Самаркандек айылында жалпы дарыгерлер борборунун кошумча имараты ачылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда айтылгандай, имараттын ачылыш аземине министрлер кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана имараттын курулушуна салым кошкон “Ассанабил” кайрымдуулук фондунун өкүлдөрү жана коомдук ишмерлер катышты.

Аталган борбордун имаратында буга чейин бөлмөлөр жетишсиз болуп, бир топ көйгөйлөр жаралып келген.

Жаңы имарат бардык керектелүүчү шарттар менен камсыз кылынды. Анда операция, жараат таңуучу, ийне саюу жана эки бейтаптар үчүн бөлмөлөр бар.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.