Баткен: прокурордун өлүмүнө шектүүнүн тарапташтары митингге чыгышты

Бүгүн, 26-ноябрда Баткен облустук администрациясынын алдына 200 дөй адам чогулду. Алар,  прокурордун өлүмүнө шектүү Мелис Калыковдун тарапташтары.

Чогулгандар,  ошол күнкү окуяга катыштыгы болгон, эс алууга чоогуу чыккан, прокурорлор да камалсын деген талап коюшууда.

Мындан сырткары,  шектүүнүн жактоочусуна да күч кызматкерлери  тарабынан  тоскоолдук жаралып жатканын айтышууда.

Азырынча чогулгандар менен жергиликтүү бийликтен эч ким жолуга элек.

Белгилей кетсек,  прокурор Анарбай Мамажакыповдун сөөгү 18-ноябрга караган түнү Төрт-Көл суу сактагычына жакын жердеги жолдон табылган. Анын денесинде зомбулуктун белгилери болгон. Укук коргоо органдары шектүү катары Капиталдык курулуш башкармалыгынын начальнигин кармаган. Каргашалуу окуяга чейин анын прокурор менен чогуу жүргөнүн көргөндөр болгон. Ошол эле күнү аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (“Адам өлтүрүү”) боюнча кылмыш иши козголгон.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген