Баткен: он жыл мурунку бүтүрүүчүлөр имамдын бөлмөсүн оңдоп беришти

Баткен районунун Бужум айылындагы “Шарап Тохсонов” атындагы орто мектебинин он жыл мурунку бүтүрүүчүлөрү имамдын бөлмөсүн оңдоодон өткөрүштү. Ага классташтар 30 миң сом чогултуп, кеңсенин ичиндеги жабдыктарды жаңылашты. Бул тууралуу “Ынтымакка” муфтияттын маалымат катчысы Максат Атабаев кабарлады.

“Классташтардын бул жакшылыгы үчүн имам, айыл аксакалдары бата беришти. Акыркы учурларда он, жыйырма жыл мурунку бүтүрүүчүлөр мечиттерге көп жардам бере башташты. Ысык-Көлдүн Бөрү-Баш айылынын 10 жыл мурун мектепти аяктагандар мечитти ондоп-түзөөдөн өткөрүп жатышат”,-деди Атабаев.

Кыргызстанда акыркы 2-3 жылдан бери он, жыйырма жыл мурунку бутүрүүчүлөр айылдагы социалдык объектилерди ондоону колго ала башташты. Айрымдары көпүрө салышса, кээ бирлери арка куруп беришүүдө. Ошондой эле муктаждарга үй куруп берген учурлар да болууда.

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz