Баткен окуясында курман болгондорго арналган эстеликти талкалап кетишти

Баткендеги Люксембург айылында орнотулган Афганистанда жана Баткен окуяларында курман болгон жоокерлердин эстелигин талкалашты. Бул тууралуу социалдык тармактардын колдонуучулары билдиришүүдө.

Алардын айтымында, окуя 17-апрелге караган түнү болгон. Белгисиз адамдар жоокердин колун сындырып, эстеликтин көрүнүшүн бузушкан.

“Ысык-Ата Ооган жоокерлери коомунун төрагасы Александр Юдаков бузукулар табылып, сот жообуна тартылат деп айтты”, – деп жазышат алар Фейсбукта.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.