Баткен: Окуучуларды үйүндө окуткан мугалим изделип жатат

Өкмөттүн Баткен облустук ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү окуучуларды онлайн окута албай, үйүнө чакырып окутуп жаткан мугалимди издеп жатат. Бул туураалуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы маалымдады.

“Азыр ар бир район, шаардагы тийиштүү кызматкерлерге ошол мугалимди табуу тапшырмасы берилди. Азырынча табыла элек”, – деп билдирди өкүлчүлүктөн.

Коронавирус жараткан кырдаалдан улам, жаңы окуу жылы аралыктан окутуу менен башталды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.