Баткен ОИИБ: 100 миң сом акча уурдап, Бишкекке качкан жаран кармалды

Кадамжай райондук милициясына Орозбеков айыл аймагынын 36 жаштагы тургуну үйүнөн белгисиз адам 100 миң сом акчасын уурдап кеткендигин айтып арыз менен кайрылган.

Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.

Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында Ош облусунун Араван районунун 29 жаштагы М.К. аттуу тургуну кармалган.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Уурдалган акча өз ээсине кайтарылды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.