Баткен облусутук музыкалык драма театрынын кызматкери жол кырсыгынан каза тапты

Апаз Жайнаков атындагы Баткен облусутук музыкалык драма театырынын кызматкери Бекназар Абдырахманов 25 жашында унаа кырсыгынан улам мезгилсиз дүйнө салды. Бул тууралуу театрдын маалымат кызматы кабарлады.

Андан маалым болгондой, маркум театрда жарык берүүчү оператор кызматында эмгектенип келе жаткан.

“Театрыбыздын кызматкери Бекназар Гапарович кырчындай курагында, 25 жашында унаа кырсыктан улам каза болду. Жумшактыгы, жөнөкөйлүгү, боорукердиги менен өзгөчөлөнүп турган кесиптешибизди жоготуп, учурда кабыргабыз кайышып, жүрөгүбүз канап, дүйнөбүз караңгы тартып турат.  Театрыбыздын өнүгүшүнө болгон күч аракетин жумшап, өмүрүн арнады. Анын көшөгө артындагы эмгеги эбегейсиз! Учурдан пайдаланып Бекназардын ата-энесине, жакындарына көңүл айтабыз”, – дешти мекемеден.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.