Баткен облусунун 6 шаарынын мэрлери дайындалды. Тизме

Кечээ, 7-июнда Баткен облусунда Кадамжай районунун Кадамжай, Айдаркен, Лейлек районунун Исфана, Баткен, Кызыл-Кыя жана Сүлүктү шаарларынын мэрлерин шайлоо өттү. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында Кадамжай шаарынын мэри болуп Бегалиев Бакытбек Турдалиевич шайланды, ага Кадамжай шаардык кеңешинин 21 депутатынын 11и добуш берди.

Айдаркен шаарынын мэри болуп Мурзажанов Алтынбек Саматович дайындалды, Кадамжай шаардык кеңешинин 21 депутатынын 11 добуш берди. Добуш берүү эки тур менен өттү.

Исфана шаарынын мэри болуп Рысов Чынгыз Абжалилович дайындалды, Лейлек шаардык кеңешинин 31 депутатынын ичинен 17си добуш берди.

Баткен шаардынын мэри болуп Бурканов Имамназар Апызович дайындалды, ага Баткен шаардык кеңешинин 31 депутатынын бары добуш берген.

Кызыл-Кыя шаарынын мэри болуп Маткалыков Асылбек Жорбаевич дайындалды, ага Баткен шаардык кеңешинин 31 депутатынын 17си добуш берди.

Сүлүтү шаарынын мэри болуп Халбеков Абдысамат Дыйканбаевич дайындалды, ага Баткен шаардык кеңешинин 31 депутатынын 15сы добуш берди.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.