Баткен облусунун 44 айылында ичүүчү суу менен камсыздоо тутумдары курулат

Ислам өнүктүрүү банкы жана Сауд өнүктүрүү фонду аркылуу “Баткен жана Талас аймактарынын айылдарын таза суу менен камсыздоону жакшыртуу” долбоорунун алкагында Баткен облусунун 44 айылына ичүүчү суу түтүктөрү курулат. Бул тууралуу Бишкекте өткөн маалымат жыйынында министрлер кабинетине караштуу архитектура, курулуш жана турак жай -коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы ичүүчү суу менен жабдуу жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментинин директору Достукбек Ободоев билдирди.

Анын айтымында, объекттердин тизмесине 44 айыл киргизилген, анын ичине Лейлек району боюнча 10 айыл, Баткен району боюнча 5 айыл, Кадамжай району боюнча 29 айыл кирген.

“Учурда бул айылдардын долбоорлоочу уюму долбоордук -сметалык кагаздары иштеп чыгууда. Белгилей кетсек, атайын каражаттын эсебинен Баткен районунда Максат айылында 12 миллион 800 миң сомдук курулуш иштери башталып, активдүү фазада турат “, – деди ал.

Ободоев ошондой эле “Капиталдык салымдар” беренеси боюнча республикалык бюджеттин чегинде Булак-Башы, Чурбек, Даргаз, Миң-Жыгач, Жаңы Турмуш айылдарындагы объекттер долбоорлоону иштеп чыгуу аяктоо этабында, Лейлек районунун Маргун, Арка-1, Арка-2 айылдарынын долбоордук-сметалык документтерин иштеп чыгуу баштоо стадиясында экенин белгиледи.

Мындан тышкары, Баткен облусунун Кайыңды, Кан жана Сары-Талаа айылдарынын долбоордук сметалык кагаздары түзүлүүдө. Лейлек районунун Кулунду, Саада, Интернационал, Ак-Арык жана Раззаков айылдарындагы курулуш иштеринин тендердик жол-жоболору 2021-жылдын августуна пландаштырылган.

“Бүгүнкү күндө Баткен районунун Кыштут айыл өкмөтүнүн Сай айылында жалпы 21 млн 800 миң сомго курулуш -монтаждоо иштери башталды”, – деп кошумчалады башкармалыктын директору.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.