Баткен облусундагы жумушсуз аялдарга тигүүчү машиналар берилди

Баткен облусунун алыскы чек аралаш айылдарындагы жумушсуз аялдарга “Абийир” коомдук кайрымдуулук фонду жана “Smart Generichn” коомдук фондунун колдоосу менен тигүүчү машиналар берилди. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөттүн Баткендеги өкүлүнүн орун басары Чынара Саттарова жана аталган фонддордун жетекчилери тигүүчү машиналарды кечээ 15-февралда Лейлек районунун чек арадагы Максат, Арка, Маргун айылдарындагы аялдарга тапшырса, бүгүн Кызыл-Кыя шаарында тапшырылып жатканы маалымдалды.

Жалпы болуп облуста 20 аялга, 20 тигүүчү машина берилген.

Иш-аракеттин максаты – аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн, киреше табуу менен жашоо-шартын жакшыртуусуна көмөктөшүү болуп саналаары айтылды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.