Баткен облусунда кыргыз-өзбек делегациясынын достук жолугушуусу болуп өттү

Министрлер кабинетинин Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жана Өзбекстандын Фергана облусунун башчысы Хайрулло Бозаров баштаган кыргыз-өзбек делегациясы Кадамжай районундагы стадиондо кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү менен таанышты. Бул тууралуу Баткен облусунун администрациясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Абдикарим Алимбаев жана Өзбекстандын Фергана облусунун башчысы Баткен облусунун чогулган жергиликтүү тургундарын куттукташып, туризм тармагындагы достук жолугушуу максатына жеткенин жана кийинки жолугушуу жакынкы аралыкта болоорун айтышты.

Баткен жана Фергана облустарындагы туризм жаатындагы достук кызматташтык жолугушуусу эки өлкөнүн белгилүү кыргыз жана өзбек артисттеринин жана эстрада жылдыздарынын концерти менен аяктады.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.