Баткен облусунда бир катар чектөөлөр киргизилди. Тизме

Баткен облусунун аймагында коронавирус оорусуна байланыштуу, эпидемиологиялык кырдаал курч болуп жаткандыктан, облустук штабдын чечими менен дагы бир катар чектөөлөр кабыл алынды.

– 28-сентябрдан тарта облустар жана райондор аралык, ошондой эле райондук, шаардык ички коомдук транспорттордун каттамы убактылуу токтотулду.

– Мал базарлардын иши убактылуу токтотулду.

– Мечиттерде жамаат менен жума намаздарын окуу убактылуу токтотулду, күндөлүк беш убак жана жума намаздарын үй шартында окуу сунушталат.

– Облуска катуу көзөмөлдөгү беткап режими киргизилди.

– Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун аймагына, чек арадан өтүп жаткан Өзбекстан жана Тажикстан Республикаларынын жарандарын, акыркы үч күндө алынган ПЦР-анализинин терс жыйынтыгы менен киргизүү чечими кабыл алынды.

– Базарларда, соода борборлорунда, дүкөндөрдө, тамактануучу жайларда, коомдук жайларда санитардык талаптардын аткарылышы боюнча күн сайын рейд жүргүзүү жана дезинфекциялоо иштерин күчөтүү, баш ийбегендерге чара көрүү боюнча район, шаар башчылары милдеттендирилди.

– Ошондой эле шайлоого карата үгүт иштерин жүргүзүүдө, партиялардын санитардык эрежелерди, маска режимин, социалдык аралыкты сактоону көзөмөлдөөнү күчөтүү, ал эми белгиленген талаптарды бузгандарга чара көрүү тапшырмасы берилди.

Ош: Жума намазга кайрадан тыюу салынышы мүмкүн

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген