Баткен облусунда баңги чабарманынан 5 килограммдан ашык баңги заты алынды

Баткен облусунун Лейлек районунда СБНОН кызматкерлери тарабынан 33 жаштагы Кыргызстандын жараны баңгизатын сатып жаткан жеринен кармалган. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматынан билдиришти.

«Жеке текшерүү учурунда таңгактан өзгөчө жыты бар жашыл түстөгү жапайы кара куурайдын брикеттери табылды. Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, табылган жана алынган зат – салмагы 5 килограмм 540 граммды түзгөн гашиш экени аныкталды », – деп билдиришти мекемеден.

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө байланыштуу сотко чейинки тергөө иш-чараларыны улантылууда. Учурда кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.