Баткен облусунан 10 абитуриент Томск университетине тапшыра алышат

Баткен облусунан 10 талапкер Томск мамлекеттик архитектура жана курулуш университетине бюджеттик негизде тапшырып, окуй алышат. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен билдиришти.

Толук маалыматтарга ылайык, 2021-жылдын июнь айында Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Саматтын Баткен облусуна болгон иш сапарынан кийин жана Баткен облусунун калкына колдоо көрсөтүүнүн алкагында элчилик бюджеттик негизде Томск мамлекеттик архитектура жана курулуш университетине Баткен облусунан 10 талапкерди кабыл алуу маселесин иштеп чыккан.

Студенттер Кыргызстанда суроо-талапка ээ болгон инженердик-техникалык кесиптер боюнча билим алышат.

Элчилик Баткен облусунун жаштары келечекте окуусун жетиштүү деңгээлде аяктап, Кыргызстандын архитектуралык-курулуш индустриясынын өнүгүшүнө салым кошот деп үмүттөнөт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.