Баткен облусуна Бишкектен 10 психолог жана психотерапевт барат

Баткен облусунда бүгүнкү күндө өлкөбүздүн ар кайсы аймактарынан барган 40 медик иш алып барышууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова медиа-штабда 2-майда өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, окуя башталган биринчи күнү Баткен облусуна 7 медицина кызматкери жөнөп, алардын артынан Бишкек жана Ош шаарларынан министрдин орун басары баш болгон бир нече медиктер кетишкен. Азыркы учурда Баткен облусунун аймагында 40 медик кызмат көрсөтүшүүдө. Бардыгы болуп 81 медицина кызматкери Баткен облусуна барган.

Ошондой эле, Баткен облусунда жабыр тарткан жарандар менен 7 психолог жана психотерапевтер иш алып барып жаткандыгынСаламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министринин орун басарыкошумчалады. Бүгүн 3-майдан тартып, Бишкектен Баткен облусуна кошумча 10 психолог жана психотерапевт жөнөп кетти.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.