Баткен облусу өзгөчө макамга ээ болду

Бүгүн 18-майда, ЖКнын Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети “Баткен облусунун статусу жөнүндө” мыйзам долбоорун карап, биринчи окууда жактырды.

Айыл, токой жана суу чарба министринин орун басары Нурлан Шериповдун айтымында, облус башчысынын ыйгарым укуктарын күчөтүү сунушталууда. Ошондой эле, координациялык кеңеш түзүлүп, атайын салык жана инвестиция режими киргизилет.

Мындан сырткары, мыйзам долбоорду талкуулаган жыйынга тиешелүү кызматтардын келбегени депутаттардын сынына кабылды.

Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Алмасбек Абытов депутаттардын сынына жооп берип, “Бүгүн айтылган бардык жүйөлүү маселелер боюнча бүгүнтөн тартып иштейбиз” деп айтты.

Эске салсак, Баткен облусунун башчысынын ыйгарым укуктарын күчөтүүнү, аталган аймакта Координациялык кеңешин түзүүнү, атайын салыктык жана инвестициялык режимдерди киргизүүнү караган мыйзам долбоорун өкмөт 3-майдагы токтому менен демилгелеген.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.