Баткен облусу боюнча суу түтүгүн оңдоо үчүн 21,8 млн сом бөлүндү

Баткен районунун Кыштут айыл өкмөтүнүн Сай айылында жалпы суммасы 21,8 миллион сомду түзгөн таза суу түтүгүнүн курулуш-монтаждоо иштери башталды. Бул тууралуу мамлекеттик курулуш комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

“Баткен жана Талас аймактарындагы айылдарды таза суу менен камсыздоону жана санитарияны жакшыртуу” долбоорунун алкагында Баткен районунун айылдарына 44 таза суу менен камсыздоо тутуму курулат.

Ошентип, объектилердин тизмесине ылайык, 44 айыл киргизилген, анын 10у Лейлек районунда, 5и Баткен району жана Кадамжай району боюнча 29 айыл. Учурда аталган айылдардын долбоорлоо уюму долбоордук-сметалык документтерин иштеп чыгууда.

Маалым болгондой, Максат жана Жаштык айылдарында курулуш иштери ушул жылдын июль айынын башында башталат.

Мындан тышкары, Лейлек районунун Булак-Башы, Чурбек, Даргаз, Миң-Жыгач, Жаңы-Турмуш айылдарындагы, Кайыңды, Кан жана Сары-Талаа айылдарындагы объектилер долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгуу стадиясында. Аталган объектилерде курулуш иштери ушул жылдын август айында башталат.

автор: DZh

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.