Баткен: Оңдоп-түзөөдөн өткөн ооруканада 63 бейтап дарыланып жатат

Баткен облусундагы жугуштуу оорулар ооруканасынын имараты пайдаланууга берилди. Бул тууралуу штабдан маалым болду.

Баткен облустук үй-бүлөлүк дарыгелер борборунун 90 орундуу имаратынын оңдоп-түзөө иштери толугу менен аякиап, пайдаланууга берилди. Мындан улам, 7-октябрдан тарта, муктаждыкка жараша ооруканага бейтаптар жаткырыла баштады. Учурда ооруканада 63 бейтап дарыланууда.

Ооруканага жылуулук берилип, зарыл болгон медициналык жабдуулар менен камсыздалды. 3 ИВЛ, 60 кычкылтек концентратору орнотулду.

Облуста коронавирус оорусу менен ооругандар үчүн, ооруканада жалпы 538 орун даярдалган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.