Баткен: мумия кыздын сөөгү алмаштырылып көмүлгөнбү?

Парламенттик комиссия Тарых музейинен Баткенге жеткирилип, жерге берилген мумияны кайра кайтаруу тууралуу сунушун берди. Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов эгер чечим чыкса мумия, Тарых музейине кайтаралышы керек деп эсептейт. Илим изилдөөчүлөр бул кадамды колдогону менен мумиянын көрүстөнү жайгашкан Кара-Булак айылынын тургундары каршы чыгып жатышат.

Ушул жылдын 14-октябрында Баткен облусунун Кара-Булак айылындагы Мактым-Гөр деген жерге IV-V кылымдарга таандык делген мумия жерге берилген. Бул коомчулукта кайчы пикир жаратып, айрымдары анын көмүлүшүн туура деп эсептесе, кээ бири бул иш “илимди өлтүрдү” деп чыккан. Мумия чырынан улам маданият министри Түгөлбай Казаков кызматтынан бошотулду.

Мумиянын кийинки тагдырын чечүү үчүн мындан бир ай мурун Жогорку Кеңештин депутаттарынан турган атайын комиссия түзүлгөн. Жумушчу топтун курамына Аида Касымалиева, Дүйшөн Төрөкулов жана Алмазбек Токторов кирген. Парламентарийлер  13-декабрда мумияны жерден казып алып, кайрадан Тарых музейине кайтаруу керек деген бүтүм чыгарды.

“Биз мумияны жерге бербеш керек деген окумуштуулардын көз карашын  туура деп кабыл алдык. Мумия көмүлгөндөн бери бузулуп кеткен жок деп үмүттөнөбүз”, – деди парламенттеги жумушчу топтун мүчөсү Алмазбек Токторов.

Кайра казып алуу чечимине мумиянын көрүстөнү жайгашкан Кара-Булак айылынын тургундары каршы. Анткени, мындан 60 жыл мурда дал ушул сөөктү казган учурда зыянкечтер чыгып, айылда 10 жыл бою түшүм болбой калган дешет. Мындан чочулаган тургундар мумияны кайра казууга жол бербей турганын айтышат.

 “Биз атайын чогулуш кылдык. Ага катышкан 600 адамдын баары каршы. Мумияны бербейбиз деп чечишти”, –  дейт Кара-Булак айылынын башчысы   Замирбек Абдырахманов.

“57-67-жылдары көрүстөндөн курт, кара чымын чыгып, бак-дарактарды каптап калган. Түшүм ала албай калганбыз. Дагы ушундай болушу мүмкүн. Биз мумияны казууга каршыбыз”, – деди айылдын дагы бир тургуну Жакып Ысаков.

Илим изилдөөчүлөр менен тарыхчылар болсо мумияны музейге кайтарууну туура көрүшөт. Анткени адамзаттын жашоо тарыхын изилдөөдө табылгыс сөөк өтө маанилүү. Тезирээк казылып алынбаса, мумия калыбын жоготушу ыктымал. Аны сөзсүз эле Бишкектеги улуттук музейге кайтару ушарт эмес, Баткенде сакталса деле болот деген йолор айтылууда.

“Өзү табылга кайсыл жерден табылса, ошол ордунда калышы керек. Ошондуктан, биз мумияны Баткенде  сакталсын деп сунуштайбыз. Ал эми изилдөөчүлөр бул жерге келип, мумияны эле көрбөстөн, көрүстөндү жана башка шарттарды карап чыкса болот”, – деди Баткен аймактык музейинин жетекчиси, тарых илимдеринин кандидаты Абдинаби Кадыров.

 “Бул жерде изилдөөчүлөргө шарт түзүлөт. Мумиянын кылымына таандык экспонаттар, казылып алынган жери ушул жерде, аларды байланыштырса болот”, – дейт Баткен аймактык музейинин уюштуруучусу Кубанычбек Таиров.

Тарыхчылар көмүлгөн сөөктү илим үчүн эле эмес, чындыкка жетүү үчүн да изилдөө зарыл деп эсептешет. Анткени IV-V кылымдарга таандык делген мумия бузулбай сакталышы менен айырмаланганы үчүн сатылып кеткен деген сөздөр чыккан. Ордуна эркек мумия көмүлгөн деген божомолду тарыхчы Мурзапар Үсөнов айтып жүрөт.

“Мен 4-классымда ошол кыздын сөөгүн казууга катышканмын.Андан соң Бишкекке окууга тапшырганымда ошону музейден көргөм. Ал 16-17 жаштагы кыз эле. Бети кичинекей болчу. Ал эми жакында көмүлгөн сөөк эркектин башы болуп турат. Кочкор мурун, мойну узун. Чүй өрөөнүнөн ошондой сөөктөр табылды дешкен. Мумия кыздын сөөгү сатылып кеткен дагы, ордуна башканы алып келип койгон”, – деп божомолдойт тарых изилдөөчү Мурзапар Үсөн.

Эске салсак, мумиянын кайрадан жерге берилиши мурдагы президент Алмазбек Атамбаев тарабынан катуу сынга алып, көмүлүшүнө тиешеси барлар жазасын алат деп билдирген. Айыптууларды табуу  тапшырмасын алган Улуттук коопсуздук кызматы Маданият министрлиги кабыл алган чечимден мыйзам бузуу таба алган жок. Себеби мумияны көмөөрдө атайын токтом долбоору даярдалып, ар бир министрлик кол коюп берип, баары мыйзам чегинде болгон.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.