Баткен мамлекеттик университети аймактагы абитуриенттер үчүн 40 бюджеттик орун бөлүп берди

Баткен мамлекеттик университети кошумча 40 бюджеттик орун бөлүп, акыркы чек ара жаңжалынан жабыркаган айылдардын абитуриенттери үчүн босого баллды төмөндөтүштү. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров маалымат жыйынында билдирди.

Мындай чаралар апрелдин аягында Лейлек жана Баткен аймактарында орун алган кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалга байланыштуу кабыл алынган.

“Билим берүүнүн бюджеттик формасы боюнча босого упай 110 баллдан 100гө, келишимдик негизде 95 баллга төмөндөтүлдү”, – деди Нурлан Өмүров.

Министрдин орун басары Бишкек шаарынын ЖОЖдоруна кабыл алуу шарттары стандарттуу бойдон калгандыгын белгиледи.

Кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы окуяларда 189 кыргыз жараны жаракат алды, 36 адам анын ичинде балдар каза болду. Жаңжал чыккан аймактан 40 миңден ашуун адам эвакуацияланган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.