Баткен: кыргыз-тажик таланттуулары “Минута славы” сынагында күч сынашты

Кыргыз-тажик улуттары таланттууларды иргешет.  Ал үчүн Баткендин Кулунду айылында   “Минута славы” сынагы уюштурулган. Эки өлкөнүн атуулдары ар тараптуу өнөрлөрүн көрсөтүп, элди таң калтырды.

”Флексинг” бийи менен көпчүлүктун назарын бурган 21 жаштагы Топчубек Базарбай уулу болду. Ал бийи менен буга чейин “Икс фактор Кырызстан” таланттуулар сынагына катышып, байгелүү орунга жетишкен. Өзгөчөлүгү бычак менен ойноп, көрүүчүлөрдүн коркуу сезимин ойготот. Бий кыймылдарынын автору да өзү.  Алдыда “Украина таланттары” долбооруна катышуу максаты бар.

Сынакка Кыргызстан менен Тажикстандан жалпы  26 жаран катышкан.  6 жаштан 30 жашка чейинки таланттар таң калаарлык фокустарды аткарышты.

Долбоор 2016-жылдын ноябрь айында башталган.  Максаты – эки элди  ынтымагын чыңдоо. Чек арага чектеш кыргыз-тажик айылдарынын барында ушул жылдын декабрына чейин өткөрүү пландалган. Кошумчалай кетсек, долбоор Тажикстандын 5, Кыргызстандын 13 айылында иштеп жатат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.