Баткен: Как-Сай жаңы конушуна шарттын жоктугунан эл отурукташпай жатат

Баткендин Тажикстан менен чектешкен Как-Сай жаңы конушунун түптөлгөнүнө 15 жыл болду. Бул арада 60га жакын тургунга чек берилип, алдыңкылары турак жай салып коюшкан. Бирок коммуналдык шарттын жоктугунан жашоочулар аймакта жашоодон баш тартышууда.

Тургундар жаңы конушка электр жарыгын алып келип, таза суу чыгарып берүү боюнча жергиликтүү бийликке бир нече жолу кайрылышкан. Өткөн жылы электр мамычалары орнотулуп, зымдары тартылбай калып кеткен.

“Айыл өкмөт чубалгыларды алып берип, биз мамычаларды тургузабыз деп келишкенбиз. Биз өзүбүздүн ишти аткардык. Айыл өкмөт чубалгыларды каржылап алып берсе 3-4 күндүк эле иш калган. Дароо тартып бүтүрүп беребиз”, -деди Баткен райондук электр тармактары ишканасынын жетекчиси Калан Маркаев.

Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысы Тургунбай Нишанбаевдин айтымында, жаңы конуш чек арага жакын жайгашкан. Эл отурукташып калсын деп электр мамылары тургузулган. Быйыл чубалгыларды тартуу үчун каражат табылып, тургундардын көйгөйү чечилет. Эгер айылга электр энергиясы тартылса, насос аркылуу суу да бериле баштайт.

 

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген