Баткен: Үйдө өтүп жаткан тойлор токтотулуп, үй ээлерине айып пулдар салынды

Бүгүн, 30-сентябрда Баткен шаарында жүргүзүлгөн рейд учурунда үй шартында өткөрүлгөн 2 тойго 3000 сомдон айып пул салынды.

Текшерүү учурунда коронавирус менен ооруганына карабай тойдо жүргөн жаран аныкталды. Ага атайын органдар тарабынан тийиштүү чаралар көрүлдү.

26-28-сентябрь күндөрү жалпы облус боюнча 1036 ишкана, той өткөргөн турак үй жана коомдук жайларга рейд жүрүп, жалпы 193 миң сомго айып салынды. Анын ичинен үй шартында өткөрүлгөн 11 тойдун ээлерине Бузуулар жөнүндөгү кодексинин 293-беренесинин негизинде протокол түзүлүп, ар бирине 3000 сомдон айып пул салынды.

Ал эми Кызыл-Кыя шаарынын «Таштемир Ажы» соода базары санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузгандыгы үчүн Жоруктар кодексинин 127-1-беренесинин негизинде иш козголуп, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Өлкөдө коронавирус жуктуруп алган, пневмонияга чалдыккандардын саны өсүүдө. Мындан улам Өкмөт башчы Кубатбек Бороновдун тапшырмасы менен жер-жерлерде түшүндүрүү иштери жүрүп, жарандарга жана мекемелерге санитардык эрежелерди так сактоо милдеттендирилип жатат.

Акыркы суткадагы статистикага ылайык, коронавирустун жаңы 147 учуру катталып, жалпы 46 669га жетти.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.