Баткен: иш таштаган дарыгерлер жумуш ордуна кайтышты. Видео

Баткен облустук ооруканасынын дарыгерлери ишке кайтышты. Бул тууралуу “Ынтымакка” Саламаттык сактоо министрлигинин Баткен облусу боюнча координатору Арзыбек Бөрүбеков билдирди.

Маалыматка ылайык, Арзыбек Бөрүбеков арыз жазган кызматкерлер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө кызматкерлер өздөрүнүн бир нече талаптарын билдиришкен.

“Бүгүнкү күндө арыз жазган жалпы кызматкерлер өз иштерин улантууда. Дарыгерлердин маселелери каралып, чечүүгө аракеттер болуп жатат”,- деп билдирди аталган министрликтин Баткен облусундагы координатору.

Кечээ, 30-октябрда Баткен облустук оорукананын дарыгерлери ишти токтотуу тууралуу арыз жазышкан. Анда 48 кызматкер арыз жазып, ишти токтотууга айлык акынын аздыгы, иштөөгө шарттын жоктугу, негизсиз текшерүүлөрдүн көптүгү жана башка адистердин жетишсиздиги себеп болгондугун айтышкан.

Баткен облустук ооруканасынын кызматкерлери ишин токтотуу тууралуу арыз жазышты. Видео

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген