Баткен элин таза суу менен камсыздоо аракети башталды

Ислам өнүктүрүү банкы Баткен жана Талас облустарын таза суу менен камсыз кылуу долбооруна 20 миллион доллар насыя берүүгө даяр. Бул акча каражаты  30 жылдык мөөнөткө бир пайыз үстөк менен берилет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады.

ЖКнын Бюджет жана финансы комитети Кыргызстан менен аталган банктын ортосундагы “Баткен жана Талас облустарын суу менен камсыз кылууну жана санитарияны жакшыртуу” долбоору боюнча насыялык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды.

Долбоор ишке аша турган болсо, 146 миң адам жашаган 70 айыл таза суу менен камсыз болот. Ал үчүн кыргыз тарап да 10 миллион доллар өлчөмүндө каражат кошууга тийиш. Бул долбоор ратификацияланар замат иш башталат. Анын аткаруу мөөнөтү 4,5 жыл.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген