Баткен: эл чыгарган сууну бийлик токтоткону жатат

Баткендин Рават айылында таза суу токтотулушу мүмкүн. Муну жергиликтүү бийлик булактан суу тартуу стратегиялык мааниге туура келбестиги менен түшүндүрүүдө. Жашоочулар болсо айыл өкмөт көмөк көрсөтпөй, эми эл чыгарган сууну өчүрөбүз дегенине нааразы.

Раваттыктардын айтымында, тиешелүү кызмат өкүлдөрү ошол булактан суу тартууга уруксат беришкен. Анын негизинде жашоочулар өздөрү акча чогултуп, 20 жыл дегенде таза суу чыгарып келишкен. Ага бир ай болбой жатып, токтотуу милдеттендирилди.

40ка жакын кожолук 20 жылдан бери арыктагы агынды сууну колдонуп келишкен. Таза суу тартуу үчүн жашоочулар айыл өкмөткө көп жолу кайрылышыптыр. Олуттуу жооп болбогон соң, көйгөлөрүн өздөрү чечүүгө бел байлашкан. Эми жумуштун 90%ы бүтүп калганда  айыл башчы менен жергиликтүү кеңеш депутаттары каршы чыкты.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.