Баткен: чыр чыккан айылдагы мектепте окуу процесси башталды

Баткен облусундагы Максат айылындагы мектепте 19-сентябрдан тартып окуу процесси башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ушул тапта окуучулардын 50 пайызы саьактарга катышып жатат. Ал эми калгандары кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан кийин коңшу айылдардагы туугандарынын үйүнө кеткен.

Мындан сырткары, коңшу Бешкент айыл өкмөтүндөгү Момунов атындагы орто мектебинде да окуу процесси бүгүн калыбына келди. Ал мектепте жалпы 300 ашуун окуучу билим алат.

Ошондой эле чек арадагы атышуудан жабыркаган Максат айылындагы мектептин мугалими Замир Адинаев менен 8-класстын окуучусу Өткүрбек Раимберди уулунан билим берүү министри кабар алып, каржылык колдоо көрсөткөнү маалымдалды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген