Баткен: чек арадагы чыр боюнча эки өлкөнүн акимдери сүйлөшүп жатат

Учурда Баткен районунун акими менен Тажикстандык өкүлдөр кече чек арада катталган чыр боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп  жатышат. Чек арада абал тынч. Бул тууралуу жеринен кабарчыбыз билдирди.

Окуя кече 12-сентябрда болгон. Анда Баткен районунун Аксай айылында кыргыз-тажик тургундардын ортосунда жаңжал чыккан.  Аксай айылынан 50гө жакын, ал эми Тажикстан тараптан 60ка чамалаган адам чогулган.

Чырга Аксай айылы менен Тажикстандын Ворук анклавындагы такталбаган жер себеп болгон.  Ал жерден тажикстандыктар суу түтүктөрүн алып өтүүгө аракет кылганда кыргызстандыктар каршы болгон.  Эки элдин ортосундагы пикир келишпестикти чек арачылар токтотушкан.

Буга чейин 11-сентябрда Ак-Сай айылынын башчысы менен Тажикстандын өкүлдөрү жолугушуп өз ара макулдашышкан.  Анда такталбаган аймакта кыргызстандыктар суунун нугун бурууга, ал эми тажикстандыктар дүкөн курууга  сүйлөшүшкөн. Бирок коңшу өлкөнүн жарандары макулдашууга моюн сунбай суу түтүктөрүн алып өтүүгө аракет кылганда  чыр чыккан.

Учурда эки өлкөнүн өкүлдөрү Баткен районунда Ак-Татыр айыл өкмөтүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген