Баткен: Чегара чырынан кыргызстандык милицияга ок жаңылды, адамдар айылдан көчө башташты

Кыргызстан менен Тажикстандын чегарасында, Баткен облусунун Ак-Сай айылында кайрадан ок атылганы угулду. “Ынтымак” КРТРКсынын кабарчысы Феруза Аскарбекова жеринен билдиргендей, чегарада абал кайрадан курчуп кетти. Анын маалыматтарына ылайык, эки тараптуу сүйлөшүүлөргө карабастан, чегара тартиби сакталбай жатат.

“Бүгүн, 14-март күнү, саат 16:00 чамасында, Баткендин Ак-Сай айылындагы кыргыз-тажик чегара тилкесинде кайрадан ок атышуу орун алып, кыргыз милиция кызматкери жарадар болду. Бул инсидент КРнын Биринчи вице-премьер министри Жеңиш Раззаков барган учурда болду”,-деди Аскарбекова.

Буларга кошумчалап ал, жарадар болгон милиция кызматкерин ооруканага жеткирүү көйгөй жаралганын, аны жакын турган Самаркандек айылындагы ооруканага жеткире алышпай, (анткени жол жабык) Баткен облустук ооруканасына жеткирүү аракети көрүлүп жатканын билдирди.

Ош-Баткен-Исфана жолун кече тажик тарап тосуп салышкан. Жол ачылбай, Лейлек району менен каттам токтоп калган. Тосулган жолдун эки тарабындагы жүргүнчүлөргө тамак аш Ак-Сай айыл өкмөтүнө кошуна айылдардан жеткирилүүдө.

“Чогулган эл чегарачылардан курал-жарактарды алуу аракетин көрүп, күч түзүмдөрүнүн буйругуна баш ийбей жатканы байкалууда”,-деди кабарчыбыз.

Ал арада, Ак-Сай айылынан тургундар көчө баштаганы тууралуу маалыматтар соцтармактарда чыга баштады.

Фото: Гулгакы Мамасалиева

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген