Баткен: аскерлер террордук жардырууга каршы машыгуудан өтүштү

18- апрель күнү Баткендеги аскерлер террордук жардырууга каршы машыгуудан өтүштү. Сценарий боюнча 300гө жакын куралчан топ Бел- Ийилчек ашуусун көздөй жол жүрүп, алгач Баткендин Бужум айылындагы аскер бөлүгүнүн кампасын басып алууну пландашкан. Андан ары райондук администрацияны курчап, террордук чабуул уюштурууну көздөшкөн.

Бул ортодо аскер бөлүккө куралчан топ боюнча билдирүү түшүп, кыска мөөнөттүн ичинде өздүк курамга душмандардын мизин кайтаруу үчүн буйрук берилди. Анын негизинде кургактагы аскерлер куралчан топтун техникаларын түз ата баштады. Жыйынтыгында, чабуул уюштурууга аракеттенгендер кармалып, кооптуулук жоюлду.

30- 630 аскер бөлүгүндөгү машыгуу республикалык денгээлде өткөрүлдү. Ал эки бөлүктөн туруп, алгач теориялык окутуу болду. Андан кийин күжүрмөн даярдыктагы ок атуу практика жүзүндө сыналды. Мында өздүк курам түрдүү кырдаалдарга каршы күрөшүүнү өздөштүрүп, курал, жардыргыч жана  танктардын жардамында сокку уруу жана коргонуу жолдорун көрсөтүштү.

Сүрөт: Азаттык

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.