Баткен: быйыл Айгүл  эрте гүл ачты

Быйыл Баткенде Айгүл 15 күнгө эрте гүлдөдү. Апрель ортолоп эмес, март аягында гүлдөшүнө жаздын эрте келгени түрткү. Деген менен “Айгүл тоо” коругу каалгасын жылдагы эле мезгилде ачты. 

Бул жылы “Айгүл тоо” коругуна баш баккандар жылдагыдан аз дешет жергиликтүүлөр. Буга корук 5 жылга жабылды деп тараган жалган маалымат себеп.

Азыр күнүнө 500-1000дей адам Айгүл гүлүн көрүүгө келип жатат.

Көпчүлүктүн кызыгуусун арттырган Айгүл гүлү уругунан өнүп, 7,8 жыл дегенде гүлүн ачат. Эгер үзүп же жулуп алса, гүл кайра чыкпай калат. Андыктан токой кызматкерлери жана корукту кайтарууга көмөк көрсөткөн мектеп окуучулары келгендерге гүлдү үзбөөнү эскертип турушат.

“Айгүл тоо” коругуна кирүү акысы 16 жашка чейинкилер 10 сом, андан жогорку жаштагылар 20 сомдон төлөп киришет. Кирүү акысынан токой чарбанын бюджетине былтыр 160 миң сом түшкөн.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген