Баткен: 15 жыл мурун курулуп башталган эс алуу жайы бүтпөй жатат

2003-жылы Баткен шаарында эс алуу жайын куруу үчүн 2 гектар 800 сотых жер бөлүнгөн. Арадан 15 жыл өтсө да парк курулуп бүтпөй жатат. Учурда чөп өсүп, кароосуз турат.

Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы мунципиалдык менчик департаментинин директору Акрам Акматовдун айтымында, сөз болуп жаткан Манас эс алуу жайы мурун айдоо жери болгон. Аны паркка айлантууга мыйзам жол бербейт. Мындан улам жердин багытын өзгөртүү үчүн өкмөткө кайрылуу жолдонгон. Бирок жыйынтык чыкпай келе жатат.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү бул жылы да аталган маселе боюнча өкмөткө кайрылышат. Жумуш оң тарапка чечилсе айдоо аянтын эс алуу жайына айландырышат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген