Бат эле “бар боло” койгон жок! Канат Акаевдин бизнес жолу

Шириндик өндүргөн ири ишкананы түптөөгө Канат Акаев 15 жыл өмүрүн арнады. Дайыма сапат деген талапты койгон үчүн да өндүрүшү өтүмдүү. Албетте, сыр кылдат көзөмөлдө жатат. Азыктар канча колдон өткөнү менен бирин да текшербестен сатыкка коё бере албайт. Ал үчүн продукциянын өтүмдүүлүгү башкы максат эмес, ата мекендик өндүрүштү өнүктүрүүгө салым кошуу. Чет өлкөдөгү ишкерликтен баш тартышына да негизги себеп ушул. Ошондон улам  Кыргызстандагы бизнесмендердин баш сабында өрнөк болуп келе жатат.

Ишкердик – аябай чоң тобокелчилик. Өмүр бою топтоп, жыйнаган мүлкүң баары бир заматта жок болуп күйүп кетиши мүмкүн. Мага апам да көп жолу: “Аябай кыйналдың, ушул ишти таштабайсыңбы. Башка эле бир мамлекеттик ишке кирип, эл катары айлык алып иштебейсиңби?” – деп. Бирок мен өзүмү башка жумушта элестете албайм. Мага ушул тобокелчилик, ишкердикте кыйналуу аркылуу ийгиликке жетүү жагат”, -деп белгилейт Канат Акаев.

Алдыңкы ишкер деп баа бергендер аны дайыма эле ийгилик жандап келе жатат деп  ойлошоттур. Балким, буга өзүнө ишенимдүү, жайдары жүргөнү негизги себеп. Бирок чоң жетишкендиктердин артында ошончолук кыйынчылык жатат.

Иштегенибизге бир жума боло элек салык  инспекциясы келип текшерип туруп алган. Ал убакта текшерүүчүлөрдүн аң-сезими да ушундай болчу, сен өндүрүш кыласыңбы, ишкердик баштап атасыңбы иши жок. Өндүрүштө технологиядан аябай кыйналдык. Бизде эски технологдор бар экен, бирок алар эски билим менен да. Ошол убакта биз жаңы ассортименттерди чыгара албай, технология жагынан алдыга жыла албай ишканабыз бир топ карызга батып кеттик. Мен карыз албаган тууган, мен карыз албаган дос калбаган”, – деди каарманыбыз.

Балачактагы достору Канат Акаевди бизнесмен болот  деп таптакыр элестетишчү эмес. Себеби ал спортто мыкты болчу. Кикбокс, эркин күрөш чемпиону болот деп күтүшсө, а каарманыбыз алдыңкы ишкер болду. Анткен менен спортту да катарлаш эле алып келе жатат.

Учурунда каарманыбызга чет жакта иштөө сунуштары көп эле болду. Бирок анын мекени бул жакта. Патриоттук сезим күчтүүлүгүн көрсөттү. Мындан улам да “Бар бол” ишканасын ата мекендик өндүрүш деп чыгарды. Алдыда ишкерликте каарманыбыз бүткөрчү иштер көп. Ал бизнесте жаңы ачылыштарды жасап, ата мекендик өндүрүшкө из калтырам деген пландары бар.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген