Башкы прокурор: Арыз-даттануулар талаптагыдай чечилбей жатат

Бүгүн, 21-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Марлен Маматалиев прокуратура тармагында кандай кемчиликтер болду жана аларды болтурбоо боюнча кандай иш-чаралар каралганын сурады.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов жарандардан түшкөн арыз-даттануулар боюнча маселени чечүүдө кемчиликтер болуп жатканын айтты.

“Кызматкерлерден өзүбүздөгү тартипти талап кылам. Арыз-даттанууларды чечкенге аракет кылып жатабыз. Бирок ошол деңгээлге ылайык чечилбей келет. Эң көйгөйлүү маселелердин бири ушул деп ойлойм. Жарандарды кайрылуулары эки тараптуу экен. Бир тарабы чечилсе, экинчи тарабы калат. Ушуну жолго салсак ишеним пайда болот беле. Кайрылуулар күндөн күнгө көбөйүп жатат. Чындап бизге ишеним менен кайрылып жатабы же бардык органдардан түңүлүп келип кайрылып жатабы деген суроо бар. Көбүнчө бизге ишенип эмес, башка органдардын чечимдери менен макул болбогон үчүн кайрылып жатышат го деп ойлойм”, – деди Жамшитов.

Ирина Карамушкина Башкы прокурордун отставкага кетүүсүн талап кылды

 

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.