Башкы прокуратура: Добуш сатып алуу фактысы менен 40 иш тергелип жатат

Учурда добуш сатып алуу фактысы боюнча 40 иш тергелип жатат. Бул тууралуу башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшөмбиев маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, шайлоонун мыйзамдарын бузуу боюнча 86 кылмыш иши козголду. 46 жоруктарга сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат. Учурда административдик ресурс колдонуу боюнча 11 факты сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Парламенттик шайлоо 4-октябрда өтүп ага 16 партия ат салышат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген