Башкы прокуратура: Бакиев Кыргызстанга келсе, токтоосуз түрдө камалат

Мурдагы президент Курманбек Бакиев Кыргызстанга келсе, токтоосуз түрдө камакка алынат. Бул тууралуу башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Эске салсак, учурда өлкөнүн туңгуч президенти Аскар Акаев «Кумтөр» алтын кенине байланышкан коррупциялык факт боюнча УКМКда суроолорго жооп берип жатат. Ал 2-августта Бишкек шаарына алынып келинген.

“Курманбек Бакиев өлкө аймагына келсе же укук коргоо органдары тарабынан алынып келинсе, 2016-жылдын 29-июлундагы соттун өкүмүнүн негизинде токтоосуз камакка алынат. Анткени, 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуялар жана башка кылмыштары үчүн 30 жылдык мөөнөткө эркиндигинен ажыратылып, өкүм күчүнө кирген”, – деп айтылат маалыматта.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.