Баптизмди карманган маркумдун сөөгүн жергиликтүү көрүстөнгө койдурбай жатышат

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Барскоон айылынын жашоочулары Уланбек Калиев аттуу маркумдун сөөгүн айылдагы мүрзөгө коюуга каршы чыгышууда.

Маркум Калиевдин жездеси Эсентур Тентиевдин  айтуусунда, анын кайниси христиан дининин баптизм агымын карманып келген. Ал 23-ноябрда каза болуп, бирок эл сөөкту жергиликтүү мүрзөгө коюуга каршы болуп жатат. Айыл тургундары менен бирге келген молдо жана юрист дагы элдин айтканындай болот деп коюшкан.

48 жаштагы Уланбек Калиев кечээ, 23-ноябрда каза болгон. Бүгүн аны жерге берүү зыйнаты өтмөк.

Маркумдун сөөгү Тоң районунун Кажы-Сай айыл аймагындагы атайын баптисттер үчүн бөлүнгөн мүрзөгө коюла тургандыгы айтылууда.

Баптисттердин сөөгүн жерге бердирпей коюу учуру буга чейин Жети-Өгүз районунун Ак-Терек, Шапак айылдарында, Ак-Суу районунун Теплоключенка айылында да катталган. Бир нече келишпестиктерден улам бийлик өкүлдөрү Тоң районундагы Кажы-Сай айыл аймагында атайын баптисттер үчүн бейит бөлүп беришкен.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген