Банк кызматкерине алданган Ош шаарынын 6 тургуну үй- жайсыз калышы мүмкүн

Ош шаарынын 6 тургуну банк кызматкерине алданып калгандыктарын айтып, маалымат жыйын өткөрдү. Жабырлануучулардын айтымында, аларды карызга батырып, үйлөрүнөн ажырап калуу коркунучуна дуушар кылган адам- Кыргызстан коммерциялык банкынын кредит берүү бөлүмүнүн мурдагы башчысы Елена Кудрявцева. Ал 15ке жакын адамдын үйүн кыска мөөнөткө күрөөгө коюп, 19 миллион сом кредит алган. Кийин төлөөдөн баш тарткан.

“Кредитти алгандан кийин 3 ай төлөдү, андан кийин төлөй албай калды. Азыр анын карызы 897 миң сом. Бул сумманы банк бизден талап кылып жатат”,- дейт жабырлануучулардын бири Саадат Насирдинова.

Учурда жабырлануучулардын үйлөрү банкка өтүп кетүү коркунучунда турат. Эгерде алынган сумма төлөнбөсө, келишимде көрсөтүлгөндөй жакын арада бир топ жаран үйсүз калат. Алдангандар Ош шаардык ички иштер башкармалыгына доо- арыз менен кайрылышкан. Февраль айында айыпталуучу колго тушүрүлүп, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

“Банк кызматкери кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Анын үстүнөн түшкөн арыздын негизинде алдамчылык беренеси менен кылмыш иши козголгон. Учурда Ош шаардык соту баш коргоо чарасын 2 айга карап берген”,- деди Ош ШИИБинин маалымат катчысы Райхан Абдразакова.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгына арыз менен кайрылгандардын саны дагы да катталып жатат. Такталбаган маалыматтарга караганда, айыпталып жаткан адам жай тургундарды 50 миллион сомдук чыгымга дуушар кылган. Бул тууралуу АКБ Кыргызстан коммерциялык банкы кат түрүндө билдирүү жиберди. Анда Елена Кудрявцеванын иши тууралуу аталган банкка эч кимден даттануулар, доолор түшпөгөнү айтылат. Ал эми айыпталуучуга карата учурда тергөө иши жүрүп жатат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген