“Балык жегени барышкан” Аксыда 19-22 жаштардагы 3 жигиттин өмүрүн алган жол кырсыгы катталды

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 19-22 жаштардагы 3 жарандын өмүрүн алган жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу “Ынтымакка” ишенимдүү булактар кабарлады. 

Жол кырсыгы 29-октябрь күнү, кечки саат 19дар чамасында Аксы районунун Кара-Жыгач айылында жүз берген. Анда “Аudi” жана “Daewoo Matiz” үлгүсүндөгү эки унаа кагылышып, 19 жаштардагы Кара-Жыгач айылынын эки тургуну жана аталган райондун Кара-Суу айылынын 22 жаштагы тургуну көз жумган.

“Аudiде” 5 бала болгон, баары 19 жашта. Алардын бири Орусиядан жаңы эле келип, анын урматына балык жегени барышкан. Кайтып келе жатышып кырсыкка кабылышкан. Экөө ошол жерде каза болду, үчөө ооруканага жеткирилген, бирөөнүн абалы өтө оор. Ал эми “Daewoo Matiz” унаасында 22 жаштардагы карасуулук эки бала көмүрдөн келе жаткан экен, экөө тең мас абалында болгон деп атышат. Алардын да бири каза болуп, экинчиси оор абалда”,-деп маалымдады ишенимдүү булак.

2020-жылдын тогуз айында Кыргызстанда 4184 жол кырсыгы катталган. Анда жалпы 496 адам каза болуп, 6271 жаран ар кандай дене жаракаттарын алышкан.

Балдардын катышуусу менен 915 жол-транспорт кырсыгы катталып, 59 бала каза болду. 1063 бала ар кандай жаракат алган.

ИИМдин басма сөз кызматы тараткан маалыматта жол кырсыктары азайганы айтылат. Мурдараак, 2019-жылдын алгачкы тогуз айында 4694 жол кырсыгы катталып, 529 киши каза болгону маалымдалган.

Кыргызстан – киши өмүрүн алган жол кырсыктары көп катталган мамлекеттердин бири. Расмий эсеп боюнча ушул тапта өлкөдө бир млн. 348 780 автотранспорт каражаты бар.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.