“Балдарым үчүн чыдап жашадым”. Аялдарга карата зомбулук күчөдү

Кыргызстанда акыркы жылдары аялдарга карата зомбулук күчөгөнүн расмий маалыматтар көрсөтүп турат. Адистер бул ачыкка чыгып, жаап-жашырылбай айтылганы экенин белгилешүүдө.

2021-жылдын башында эле өз күйөөлөрүнүн ур-токмогуна кабылып эки жаш келин каза болгон. Алардын бири Ысык-Көл облусунун 40 жаштагы тургуну Гүлмайрам 9-январда каза тапкан. Аны өлтүрдү деп жолдошу шектелген. Бирок, күйөөсү ошол эле күнү уу ичип, 19-январда ооруканада көз жумган.

Зомбулуктан коргоном деп жолдошун капысынан өлтүрүп алып, өмүр бою абак жазасына кесилгендери да бар.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине акыркы 10 айда үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча 507 учур катталды. Жабыркагандардын 90 пайызы аялдар. Облустук милициянын басма сөз катчысы Нурпери Абдуллаева бул фактылар ачыкка чыкканы гана экендигин айтты. Анткени аялдардын көпчүлүгү зомбулукка кабылганын жашырышат.

«Милициянын көчмө кабылдамасы менен аймактарды кыдырып, элдин көйгөйү менен жеринен таанышып чыгабыз. Ошондо үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган аялдардын көп экени байкалат. Тилекке каршы алар «балдарым бар», «жолдошум менен кайра жашап кетем» деп зордук-зомбулуктан жабыркаганын ачыкташпайт. Өз укугуңузду коргоңуз деген учурда дагы милицияга жазган арыздарын кайра кайтарып алышат»,- деди Нурпери Абдуллаева.

Мыйзам боюнча зомбулук жасагандар кылмыштын деңгээлине жараша 5 000 сом өлчөмүндө айып пул төлөйт же эки жылдан өйдө эркинен ажыратылат. 

«Демократиялык процесстерди изилдөө борбору» фондунун 2020-жылдагы изилдөөсүнө ылайык, үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган аялдар бул нерсени башкаларга айтуудан уялышат. Ошондуктан төртөөсүнөн бирөө гана жардам сурап кайрылат.

Зомбулукту жашыруунун себеп, кесепеттери

«Ак-Жүрөк» кризистик борборунун жетекчиси, психолог Дарика Асилбекова аялдар зордук-зомбулука кабылса да аларды жакындары, туугандары колдобой турганын айтты. Жакындарына көйгөйүн айткан учурда дагы «балдарыңды ойло», «үй-бүлөңдү ыдыратпа» деп кеңеш беришет. Ушул сыяктуу себептердин айынан жолдошунун ур-токмогунан жабыркаган аял акыры өз жанын кыюуга барышы мүмкүн. Ошондуктан маселени өөрчүтпөй убагында чече билген жакшы. Ал үчүн аял өзүн коргой билүүсү жана эрки күчтүү болуусу зарыл.

«Аялдар  психологиянын тили менен айтканда, жакшы жашоо бар экенине ишенүүсү керек. Айрымдары бир ирет зомбулукка кабылса да жашоо ушундай уланат деген ишеничти өзүнө сиңирип алып, ал нерсени жеңип кете алышпайт. Ошондой эле зомбулуктан жабыркаган аялдын жакындары дагы ага түшүнө билүү менен мамиле жасаганы маанилүү. «Күнөө сенде», «балдарың үчүн жаша» деп айтардан мурун көйгөйдү жеңип чыгууга жардам колун сунуу зарыл», – деди Дарика Асилбекова.

Адвокат Мухайе Абдурауповага бир нече жылдар бою үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыгы болуп жүргөн аялдар көп кайрылышат. Алар жолдошунун ур-токмогуна кабылса дагы башкаларга айтуудан коркуп, качан гана чыдамы кеткенде коргонуу чараларын издеп баштагандар.

«Мага келген аялдар «балдарым атасыз калат», «ата-энемин үйүнө барсам кантем» деген көйгөйлөрдүн айынан жолдошунан баш тартып кете алышпагандарын айтышат. Жолдошум кол көтөрсө боло берет деген түшүнүктө болушат. Мыйзам боюнча аялдар укуктары тебеленди болуп жатканын билишпейт да. Балдары мындай ата менен жашай албайм деген учурда гана коргонуу чараларын издеп жатышат. Негизи аялдар коопсуз жашоого укуктуу. Зомбулукка дуушар болгонун жашырбастан өздөрүнүн аймагындагы милиция кызматкерлерине, юристтерге кайрылышса дейт элем», – деди Абдураупова.

Мыйзамда аялдардын кандай укуктары бар?

  • Өлкөнүн баш мыйзамында эркек менен аялдын укуктары бирдей деп белгиленген. Жазык кодекси боюнча адамдын тең укуктуулугун бузгандар жоопкерчиликке тартылат.

  • Конституциянын 24-беренесинде эч ким жынысы, билими, мүлктүк же башка абалы боюнча басмырланышы мүмкүн эместиги көрсөтүлгөн.

  • Ал эми 25-беренесине ылайык, ар бир адам өзүнүн өмүрүн жана ден соолугун башка адамдардан коргоого укуктуу.

  • 29-беренеде ар бир адам жеке турмушунун кол тийгистигине, абийиринин жана ар-намысынын корголушуна укуктуу деп белгиленген.

  • Жазык кодексинин 185-беренесинде көрсөтүлгөндөй, адамдын тең укуктуулугун бузуу, тактап айтканда жынысына, улутуна жараша укуктарды чектөө V категориядагы айып салууга, I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Белгилей кетсек, Кыргызстандын бардык жарандары акысыз юридикалык жардам алуу укугуна ээ.

  • Ошондой эле Акыйкатчынын адам укуктарын коргоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө багытталган 115 ыкчам байланыш номери иштейт.

Аялдарга жардам колун сунган коомдук фонд

Бүгүнкү күндө зомбулукка кабылган аялдар менен кризистик борборлор, коомдук фонддор иш алып барууда. Ош шаарындагы «ДИА» коомдук фонду өлкөнүн бардык аймагынан жардам сурап кайрылган кыз-келиндерге көмөктөшөт. Бул фонд аркылуу зордук-зомбулуктун курмандыгы болгондор укуктук, медициналык акысыз жардам алуу мүмкүнчүлүктөрү бар. Мындан тышкары, жумушу жок, үйүнө туруктуу киреше алып келе албагандар менен бизнес консультант иштейт. Мында аялдардын мүмкүнчүлүгүнө, кызыгуусуна анализ жүргүзүлүп, тиричилигин улап кеткенге жумуш жагынан дагы колдоо көрсөтүлөт.

Коомдук фондго кайрылган ар бир жарандын анонимдүүлүгү сакталат. Алардын тагдыры, көйгөйү башкаларга ачыкталбайт.

Авазкан Ормонова

Зомбулуктан коргонсо болот

24 жаштагы Алтынайды (аты өзгөртүлдү) бир жыл мурун ата-энеси болочок жолдошу катары бир жигит менен тааныштырышкан. Тойго чейин экөө бири-бирин жакындан билүү үчүн бат-баттан жолугушуп, сүйлөшүп турушкан. Каарманыбызга үйлөнгүсү келген жигит жаңы тааныш болгон кезде эле уят сөздөр менен тилдеп, психологиялык зомбулук көрсөтүүгө өткөн. Жумушуна чейин келип, жаңжал салып кеткен күндөрү болгон. Алтынай бул окуялардан кийин ал жигит менен үй-бүлө куруп, чогуу жашап кете алышына көзү жеткен эмес. Муну уккан ата-энеси башында туура түшүнбөгөнү менен кызынын ден соолугун, келечектеги жашоосун ойлоп, кабыл алган чечимин колдошкон. Азыр Алтынай өзүн коопсуз сезип, өзү жакшы көргөн жумушунда иштейт жана аял затын сыйлаган жолдошко туш болууну ниет кылат.

Зомбулуксуз жашоону тандаган аял

Аты-жөнүн коомчулукка ачыктоону туура көрбөгөн каарманыбыз учурда 44 жашта. Жолдошу менен кыз-жигит мамиледе жүрүп турмуш курушкан. Бирок, бактылуу жашоосу көпкө узаган эмес. Жолдошу спирттик ичимдик ичүүнү адатка айлантып, үйгө мас абалында келген күндөрү кол көтөрчү. Ошентсе да каарманыбыз үй-бүлөсүн сактап калуу максатында өзүндөгү көйгөйлөрдү башкалардан жашырып жашап келген. Анткен менен үйдөгү абал жакшырбай, тескерисинче жолдошу балдарын да уруп-сабоого өткөн.

Жыйынтыгында каарманыбыз балдарын жана өзүн коргоонун айласын издеп, кризистик борборлорго кайрылган. Ал жактан психологиялык, юридикалык жардам алып, жашоосу жакшы нукка өзгөрдү. Жолдошу менен айрылыш жолго түшкөнү менен балдарынын, өзүнүн тынч, зомбулуксуз жашап жатканына кубанууда.

«Жолдумуш үй-бүлө кургандан кийин терс сапаттарын көрсөтө баштады. Мас болуп келип, уруп-сабачу. Мен болсо өзүбүздү башкаларга ынтымакта жашап жүргөндөй көрсөтүүгө аракет кылдым. Балдарым үчүн чыдап жашап жүрдүм. Бирок, акыркы күндөрү балдарыбызды дагы токмоктоп, зомбулук көрсөтүүгө өттү. Ошондо гана кырдаалдан чыгууга чечим издеп баштадым жана зомбулуксуз жашоого укуктуу экенимди түшүндүм», – деди каарманыбыз.

Азыркы мыйзам боюнча үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдар жоруктар жөнүндө кодекстин негизинде айып пул жазанасына, коомдук жумуштарга тартылат. Бирок, үй-бүлөлүк бюджетти эске алган жабырлануучулар кайра эле тосмо арыз жазып, кылмышкерлер мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылбай жатканы сынга алынып келет. Талдоочулар мунун айынан үй-бүлөдө зордук-зомбулук тыйылбай келерин билдиришүүдө.

Ушул жылдан 2-декабрынан тарта үй-бүлөлүк зомбулук үчүн жазаны күчөтүү жаатында жаңы мыйзам күчүнө кирет. Мында кылмыш жаза кодексинин негизинде зомбулук жасагандарга жаза катаалдашып, акчалай жазана салынбайт. Маселен, жабырлануучунун денесине жаракат келтирбесе, бир суткадан жети суткага чейин эркинен ажырылат же коомдук жумуштарга тартылат. Бул кылмыштын деңгээлине карап аныкталат.

Эгерде жабырлануучунун денесине анчалык оор эмес жаракат келтирилсе, кылмыш иши козголуп, жоопкерчиликке тартылат. Мында беш жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Ушул жылдын алты айында 4 393 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталып, анын 82 пайызы сотко жетпей кыскартылып кеткен. Ал эми жыл башынан бери онго жакын аял өз жанын кыйган.  

Мария Толстованын иллюстрациялык сүрөтү колдонулду.

“Бул материал АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) жана FHI360 уюму өнөктөштүктө, Кыргызстандагы Интерньюстун өкүлчүлүгүнүн Медиа-К аталган долбоорунун колдоосу менен ишке ашырылды. Материалда айтылган пикирлер Интерньюстун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн көз карашына дал келбеши да мүмкүн.

Даярдаган: Нуржамал Баргыбаева

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.