Балдары ВИЧ менен ооруган энелердин талабы эмне? Видео

Ош облусунун Ноокат районунан келген жыйырмадай ата-эне балдары менен Бишкекте парламент имаратынын алдында нааразылык акциясын өткөрүштү.

Алар бул илдет менен жабыркаган балдарга мамлекеттен өмүр бою пенсия чегерип берүүнү, жер тилкеси же үй менен камсыздоону жана балдарын армиядан четтеттүүнү талап кылышты.

Түштөн кийин алар менен вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Саламаттык сактоо министрлигинин имаратында жолукту.

Булак: Азаттык

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген