Балдарга карата зомбулук күчөдү

Аялдарга зомбулук көрсөтүү Кыргызстандын турмушунда кадимки эле көрүнүш болуп калды. Эркектер аялдарын ур-токмокко алышат, кыйнашат жана аны Сузак районунда болуп өткөн акыркы окуялар көрсөткөндөй видеого тартышат. Социалдык чыңалуу, аялдардын эркектерден көз карандылыгы, аялдардын билимсиздиги чатакташуудан күч колдонууга өткөн түшүнбөстүктөрдү күчөтүүдө. Ошол эле учурда, аялдар гана эмес балдар  жана жашы жете элек өспүрүмдөр дагы зомбулукка кабылышууда.

Интернетке кирүүнүн кеңейиши менен, балдарга зомбулук көрсөтүүнүн жаңы формалары чыгууда. Алар интернет коркутуулар жана онлайн сексуалдык пайдалануу сыяктуу түрлөрүнүн пайда болушу. Зомбулукка кабылган өспүрүмдөр аларды өзүнүн турмушунун кадыресе көрүнүшүндөй эле кабыл алышы мүмкүн. Ушундай эле зордук-зомбулукка жана мектеп чөйрөсүндөгү жакшы мамилеге өспүрүмдөр орто билим берүү мекемелеринде да кабылышат.

Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин коомдук коопсуздук кызматынын жашы жете электердин иштери боюнча Инспекциянын (ККК ЖЖЭИбИ) директору Н.Адылованын айтканы боюнча: «2017-2022-жылдарга карата экстремизм жана терроризмге каршы аракеттерди жүргүзүү боюнча Өкмөттүн программасынын ишке ашыруу боюнча иштердин алкагында ИИМдин, БжИМнин, ДИбМКтын кызматкерлеринин катышуусу менен, медреселерге мониторинг жүргүзүү максатында жумушчу топтор түзүлгөн. Буга байланыштуу өлкөнүн бардык аймагындагы аталган мекемелерди текшерүү уюштурулган. Ата-энелер балдарынын окуусу үчүн каражаттын жетишпегендигинен ушундай мекемелерге балдарын окутушат. Текшерүүнүн жыйынтыгында, балдар айлап ата-энелерин көрүшпөй тургандыктары, аларга ата-энелеринин камкордугу жетишпей жатканы жана көпчүлүк балдар уйкусу кана уктабай тургандыктары аныкталды».

Мигранттардын балдары көпчүлүк учурларда чоң ата, чоң энелери, туугандары же интернат уюмдарында жашап, алардын керектөөлөрүнө салкын мамиле жасалып, катуу мамилеге тушуккан, тобокелчиликтерге кабылышууда.

Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматына ылайык, 2016-жылы 61 000 баланын ата-энесинин жок дегенде, бири эмгек миграциясында болгондугу аныкталган. ЖМКнын маалыматтары боюнча, 2019-жыл ичинде мигрант ата-энелер  тарабынан калтырылган балдардын саны 277000ге жеткен. Бул статистикалык маалыматтар тышкы жана ички эмгек миграциясынын өскөндүгүн көрсөтүп, мекенинде калып калган балдардын өтө курч көйгөйлөрүнүн уялуу катмар катары болуп жаткандыгын ачык эле көрсөтүүдө. Мигрант ата-энелер эмгек миграциясы – бул өздөрүнүн балдарын  келечекте жакшынакай камсыздоого болгон мүмкүнчүлүк деп эсептешет.

Бирок, мигрант-ата-энелердин балдарын өздөрү тарбиялап жаткан учурларда ур-токмокко алышкандыктары да кездешүүдө. Москвада жашаган кыргызстандык, өз баласын ур-токмокко алган окуя биздин баарыбыздын эсибизде. Мурдараак социалдык түйүндөрдө эркек кишинин өз баласын машыгуудан баш тарткандыгы үчүн колу-бутун темир таяк менен квартирасында ургулап жаткандагы видеоролик таркаган. Баланын атасына “Кыйноого алуу” жана “Жашы жете элек баланы тарбиялоо боюнча милдеттерин аткарбагандыгы” үчүн беренелер боюнча кылмыш иши козголгон. Ал киши эки айга камакка алынган.

ЖМКлар бул процессти андан ары улантышкан эмес. Биздин оюбузча, кийинчерээк ал кишини кое беришкен, себеби, баланын атасы ур-токмокко алынган баласынын алдында “Азыр үй-бүлө ынтымакта жашап жаткандыгы”, “бала эч нерсени сезбегендиги” тууралу видео жарыяланган. Бул деген, ага козголгон беренелер, дагы жеңил беренелерге алмаштырылып, жыйынтыгында тараптардын бир арага келгендигине байланыштуу кылмыш иши токтотулса керек.

Прокуратуранын расмий маалыматына ылайык, акыркы беш жылда (2019-жылга чейин), өлкөдө 1053 балдарга күч колдонуу катталган, бирок, сотко 9 гана иш жеткен. Адам өлтүрүү беренеси боюнча беш өкүм чыккан, бир иш төмөнкү инстанцияга кайра каралууга жөнөтүлгөн.

Аталган учурдан улам, 2019-жылдын 1-январында күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын Кылмыш процесстик кодексин жаш жете электерге карата күч колдонгон иштер боюнча тараптардын бир арага келиши, эгер мындай бир арага келүү баланын ачык жана так пикирине негизденбесе жана анын кызыкчылыктарына дал келбесе, анда ал макулдашууга (бир арага келишине) тыюу салуу зарылчылыгы бар.

Зордук көрсөтүү балдарга кыянаттык кылган бузукулук менен таасир берет. Алардын өмүрү жана физикалык ден-соолугу үчүн түздөн-түз тобокелчилик туудургандан башка, зордук көрсөтүү балдардын келечеги жана эмоционалдык сак-саламаттыгы үчүн чоң коркунуч болуп саналат. Зордук көрсөтүү ошондой эле муундан муунга да өтүшү мүмкүн, себеби, зомбулукка тушуккан балдар буларды “кадыресе деп” түшүнүшү мүмкүн. Ушуларга байланыштуу, коргоого муктаж болгон балдарга байланыштуу балдарга зордук көрсөткөндүгү үчүн жаза катуу болгондой прецедент түзүлүшү керек, жана ар ата-эне балага кол көтөрүүнүн алдында же өз баласына, башка бир балага кыйкырардын алдында ойлонуп иш кылышы зарыл болуп турат.

Макала долбоордун укуктук компоненттер боюнча эксперттик тобунун жетекчиси А.Жунусов тарабынан даярдалган. «Элдин биримдиги көп түрдүүлүктө» долбоору Европа Биримдиги тарабынан каржыланат.

Ушул жарыяланган макаладагы ойлор менен пикирлер авторлорго гана тиешелүү жана Европа Биримдигин көз карашын чагылдырбайт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген