Балдардын музыкалык окуу жайларына иштөөгө уруксат берилди

Балдар музыкалык мектептеринде айрым сабактарды офлайн режиминде өткөрүүгө уруксат берилди. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов билдирди.

Маданият, билим берүү жана саламаттыкты сактоо министрликтери биргеликте чыгарган буйрука ылайык, кесиптик сабактарды (пианино, скрипка, комуз) жана сольфеджиону офлайн режиминде өтүүгө уруксат берилди.

Жаманкулов музыкалык мекемелер санитардык эрежелерди так аткаруу менен иш алып барууга тийиш экендиктерин айтты.

“Аталган чечим балдардын музыкалык мектептерине гана тиешелүү. Куреңкеев музыкалык окуу жайы, Абдраев атындагы орто кесиптик мектеби сыяктуу мекемелерге уруксат берилген жок”,-деди Азамат Жаманкулов.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.