Балбан Акжол Махмудовду Ошто кимдер тосуп алышты?

Бүгүн 21-сентябрда Грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасында 3-орунга  алган Акжол Махмудов кичи мекенине келди. Аны “Ош” эл аралык  аэропорттунан жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, жакын туугандары тосуп алды.

Ошондой эле Акжолду тосуп алуу аземине  Ошко иш сапары менен келген Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров жана дин аалымы Чубак Ажы Жалиловда катышты.

 

Акжол Махмудов Грек-рим күрөшү боюнча Словакиянын Трнава шарында өткөн жаштар арасындагы дүйнөлүк чемпионатта  77 кг салмак категорияда килемге чыккан. Ал турнирде жалпы 6 беттеш өткөрүп, чейрек финалда бир гана  орусиялык Ислам Опиевден утулса,  калган беш атандашын  ири эсепте жеңген.

Эске салсак, Махмудов 18-августан 2-сентябрга чейин Инонезия да өткөн азия оюндарында финалга чейин жетип, күмүш медаль уткан болчу.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген