Балбак Түлөбаев Бишкек шаарынын убактылуу мэри болуп дайындалды

Премьер-министрдин буйругуна ылайык, Бишкек шаарынын мэри шайланганга чейин Түлөбаев Балбак Зарлыкович Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу Өкмөттүн сайты маалымдады.

Өкмөттүүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү  Балбак Түлөбаев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулган. Тийишелүү буйрукка Премьер-министр Садыр Жапаров кол койгон.

20-октябрда Бишкектин мэри Азиз Суракматов кызматын тапшырганын жана биринчи вице-мэр болуп Нариман Түлеев дайындалганын жарыялаган. Мыйзам боюнча мэр кызматтан кеткенде анын милдетин биринчи вице-мэр аткарып калат.

Мындан улам мэрдин милдетин аткарары жарыяланган Нариман Түлеевдин кызматтан кетишин талап кылышкан. Митингдин катышуучулары анын мэрдин милдетин аткарып жатканы жана биринчи-вице мэр болуп дайындалышы мыйзамсыз деген пикирлерин билдиришти. Чогулгандар мамлекеттик кызматтарга жаңы, таза кадрларды дайындоону талап кылып, «Түлеев кетсин!» деп кыйкырып турушкан.

Мындан улам, Нариман Түлеев кызматтан кетүү тууралуу арызын жазгандыгын кабарлаган. Кийинчерээк ал эгер борбор калаанын жетекчилиги үчүн күрөш токтобосо, анда биринчи вице-мэрликтен кетүү боюнча арызын кайтарып алаарын билдирген.

“Мен толугу менен дайындалган биринчи вице-мэрдин кызматынан кетүү жөнүндө арызымды кайра кайтарып алууга даяр экенимди эскертем. Ал эми азыр бул кызматка бирөөнү дайындоо үчүн эч кимде мыйзамдуу негиз жок. Бүгүнкү күндө менин кызматтан кетишимди мэр гана кабыл ала алат, ал эми мэрдин милдетин аткаруучуну сыртынан эч ким, ал тургай премьер-министр да дайындай албайт. Чындыгында менин арызым эч нерсени билдирбейт, анткени аны эч ким кабыл алган эмес жана кабыл ала албайт. Эскерте кетсем, эл аралык коомчулук тарабынан куттуктоо же сүйлөшүү түрүндө бийликтин легитимдүүлүгүн таануу жаңы гана башталды. Короодо пандемиянын жаңы толкуну эл аралык жана чет өлкөлүк өнөктөштөрдүн колдоосусуз өтө оор болот. Мунун кесепети кайгылуу болушу мүмкүн”, – деп жазган.

Нариман Түлеев Бишкекти 2008-2010-жылдары башкарган. Кийин коррупция үчүн айыпталып, 11 жылга кесилген. 2016-жылы мамлекет тарткан зыянды төлөп берип, мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулган. Соттун чечими менен анын бир нече мүлкү конфискацияланып, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна өткөрүлгөн.

Түлеев 20-августта Азиз Суракматов менен чогуу өткөрүлгөн басма сөз жыйынында өзүнөн соттуулук алынганын жана мурда козголгон кылмыш иштери боюнча Жогорку сотко кайрыларын билдирген.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.