Баланы бар нерсесине, учурдагы абалына ыраазы болгонго үйрөтө алчу 6 адат

Эң бактылуу адам- бар нерсесине ыраазычылык айткан, болгон жашоосунан ырахат алып жашаган адам. Наристесинин бактылуу жашоосуна шарт түзүп бергиси келген ата-энеге 6 кеңешти сунуштайбыз.

  • Бир күндө бир маал убакыт таап, балаңыз менен чогуу олтуруңуз. Ал убакытта наристеңиз менен күндүн кандай өткөнүн, эмне жакканын шашпай сүйлөшүңүз. Жөнөкөй эле нерсе, балким 10 сомго сатып жеген момпосуй балаңызга жаккандыр. Ошонун баарын наристеңиз айтып бергендей атмосфера түзүңүз. Балаңызды угуп гана эмес, өзүңүз да өткөн күн үчүн, болгон окуялар үчүн ыраазы экениңизди айтыңыз. Сөз арасында берилген ар бир күн адамга Жараткандан белек экенин кыстара кетиңиз;
  • Жок дегенде бир айда бир жолу балаңыз менен чогуу башкаларга жардам бергенди адат кылып алыңыз. Бул карыган кошунанын короосун тазалап берүү, жалбырактарын шыпырып өрттөп берүү же жолбун итке тамак берүү болушу мүмкүн. Мындай адат балдарга алган эле эмес, берген дагы кубаныч тартуулаарын сезгенге жардам берет;
  • Жашоодогу ар бир жагымдуу көз ирмемдерди сактап калганга аракет жасаңыз. Бул балаңыз менен чогуу олтурганда “эсиңдеби…ошондо сага аябай жаккан эле…” деп, өткөн жакшы ирмемдерди эстеткенге, ал күндөр үчүн ыраазы болгонго жардам берет;
  • Кенедей болгон жардамына рахмат айтып, балаңызды “менин жардамчым” деп атап алыңыз. Бул сөзүңүз анын баалуу экенин сездирип, чын дилинен жардам бергенге үйрөтөт;
  • Балаңыз күнүгө жасап жүргөн ишин кылып, мисалы ойногон оюнчугун жыйнап, тамак жеген идишин ашканага алып барып койсо дагы маани бериңиз. “Сен кандай камкор баламсың менин, рахмат сага!” деп айтсаңыз жакшы. Муну менен сиз ар бир майда нерсеге ыраазы болгон адам катары наристеңизге үлгү боло аласыз;
  • “Кандай жыргал а…..?!” деген сөздү тез-тез колдоно билиңиз. Мисалы, “Кандай жыргал а, биз күнүгө чогуубуз”же “Кандай жыргал а, менин сендей ширин балам бар” деген сөз баланы жөнөкөй нерселерге ыраазы болгонго үйрөтөт;

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген