Бала бакчадагы зордуктоо аракетинен кийин ата-энелер Ош ШИИБге кайрылуу жолдоду

Ош шаарында бала бакчада төрт жашар баланы зордуктоо аракети катталгандан кийин ата-энелер өз чүрпөлөрүнүн коопсуздугу үчүн тынчыздана баштады. Алар бакчалардагы көзөмөлдү күчөтүү боюнча Ош шаардык милициясына кайрылуу жолдошту. 

13-ноябрь күнү Ош шаарындагы менчик бала бакчалардын биринде төрт жаштагы наристени зордуктоого аракет жасаган факт катталган. Шаардык ички иштер башкармалыгы жеринде териштирүү иштерин жүргүзүп, кылмышка шектүү катары 20 жаштагы селсаякты кармады. Шектүү азыр убактылуу кармоо жайында. Жабыркады делген балага биологиялык экспертиза жүргүзүлүп жатат.

Окуядан кийин балдарын бакчага жиберген ата-энелерде кооптонуу жаралып,  Ош ШИИБге кат жолдошту. Кайрылууда Ош шаарындагы ар бир бала бакчадагы коопсуздук чараларын күчөтүү айтылган.

Ош шаарында мамлекетке караштуу 38 бала бакча бар. Дээрлик баарында балдарды коопсуздугун камсыздоо чаралары жетиштүү эмес. Болгону бакча жетекчилиги менен ата-энелер сүйлөшүп, атайын акча жыйнап, кароолчуларды жалдап алышкан. Алар бала бакчанын сырткы бөлүгүн көзөмөлдөп, чоочун кишилерди короого киргизбөө милдетин аткарышат.

Бала бакча кызматкерлерининин айтымында, мектепке чейинки тарбиялоо мекемелеринде  коопсуздук эрежелери иштелип чыга элек.

“Бул балдардын сексуалдык жактан зордук-зомбулукка кабылышына гана эмес, уурдалып кетишине да жол ачат. Ошондуктан бакчалардагы коопсуздукту күчөтүү үчүн эң алгач көзөмөлдөөчү кызматкерлердин санын көбөйтүп, ошол эле учурда видеокөзөмөлдөрдү да орнотуу зарыл”, – дешет алар.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.